Орусия бензин жана авиакеросин экспортуна толук тыюу киргиздиБишкекте көрүстөндөн орунду жубайлар гана алдын ала ээлеп коё алышатМайыптыгы бар адамдар мамлекеттик кызматтарга конкурстан тышкары кабыл алынатОш шаарында Жаштардын креативдүү хабы ачылды«Эл зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек» — ЖапаровБишкекте суу жана канализацияга жаңы тарифтер бекитилди
Абылгазиев Жалал-Абад жана Ош облустарына жумуш сапары менен барат
14.02.2020 | 15:40
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Сапардын жүрүшүндө Абылгазиев Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.
Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом