Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кызга ыдык көрсөтүүгө шектүү адам психиатрларга өткөрүлүп берилди
30.06.2026 | 15:00

Ленин райондук ИИБдин (Ички иштер башкармалыгы) басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 28 жаштагы жарандын өздүгүн тактап, милиция бөлүмүнө алып келишти.
Маалыматка ылайык, ал жарандан психикалык жактан жабыркашы мүмкүн экендигин айгинелеген белгилер байкалган. Буга байланыштуу атайын психиатриялык бригада чакырылган.
Алгачкы кароодон өткөргөндөн кийин, кармалган жаранды андан ары текшерүү үчүн медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда видео тарап, анын автору таң эрте Бишкектин Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам кызга карата укукка каршы аракеттерди жасаганын (ыдык көрсөткөнүн) билдирген болчу.