Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого киргизилген мораторий узартылышы мүмкүн

Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык максатта балык уулоого киргизилген мораторий баалуу балык түрлөрүнүн популяциясын андан ары калыбына келтирүү жана өлкөнүн суудагы биоресурстарын сактоо максатында узартылышы мүмкүн. Убактылуу тыюу салуунун тагдыры боюнча бирдиктүү чечим тармактык мамлекеттик органдардын жана илимий эксперттердин жыйынынын жыйынтыгында Президенттин администрациясына жөнөтүлөт.
Кеңешмеге КР Ички иштер министрлигинин, ӨКМге караштуу Токой кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун жана Айыл чарба министрлигинин Балык чарба комплекси департаментинин өкүлдөрү катышты. Адистер буга чейин өнөр жайлык балык уулоого үч жылдык тыюу салган Президенттин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна комплекстүү баа беришти.
Жолугушуунун катышуучулары браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдөрдү жасалма жол менен балыктандыруу боюнча иштердин жыйынтыктарын талдап чыгышты. Чектөөлөрдү узартуу же аларды токтотуу жөнүндө акыркы чечимди көлмөлөрдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталып эксперттер жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү иштеп чыккан сунуштардын негизинде республиканын жетекчилиги кабыл алат.