Эми «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу шаарлар аралык каттамдарга билет сатып алууга болотЧүйдө баңгизат сатууга жана притон уюштурууга шектелип чет элдиктер кармалдыШКУда адам укуктары боюнча кызматташтыктын жаңы туруктуу форматы түзүлдүАпрель айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 260 млн долларга жакын акча которулганКазакстандык «SHATRANJ» мектеби Бишкектеги шахмат турниринде жеңүүчү болдуСадыр Жапаров Ат-Башы районун өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүүнү тапшырды
1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт
24.03.2022 | 12:32
1-апрелден тарта билим берүү кызматкерлеринин айлыгы 80%га жогорулатылат. Бул туурасында Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелден тарта социалдык тармакка айлык көбөйөт. Мугалим, дарыгерлер, маданий кызматкерлер, илим жаатындагы адистердин, жалпы 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт. Орточо билим берүү тармагына 80 пайызга чейин, жаңы модель менен эсептеп чыкканда, жаңы иштеп баштаган мугалим 20 миңдин тегерегинде айлык алат. А азыр андай мугалдимдер 4 миң сомдон, 7 миңге сомго чейин эле алышат. Жалпысынан ушул айлыктарды көтөрүүгө 26 млрд сом керектелет», – деди министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика