«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалдыЖапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышатСыйлыкты чындап татыктуу болгондор гана алышы керек — Садыр ЖапаровТокмоктогу дөңгөлөк кайра иштетүүчү завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыктыЧүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилди
Чүйдө баңгизат сатууга шектелип чет элдиктер жана бир кыргызстандык жаран кармалды
24.06.2026 | 12:34

Чүй облусунун Аламүдүн районунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 23 жана 20 жаштардагы эки чет өлкөлүк жаран, ошондой эле 31 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр «гашиш» баңгизатын таратуу менен алектенип, жашаган жеринде баңгизат колдонуу үчүн притон уюштурушкан. Тинтүү учурунда алардан 66 грамм «гашиш» табылып алынган. Мындан тышкары, кармалгандар жашы жете элек кызды баңгизат колдонууга тартканы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар