Кыргызстанга эмне үчүн деңиз флоту керек жана Деңиз кодекси эмнени сунуштайт?

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети акыркы жылдардагы эң өзгөчө мыйзам долбоорлорунун бири — Соода деңизде сүзүү кодексин үчүнчү окууда жактырды. Документ буга чейин Жогорку Кеңеште биринчи жана экинчи окуудан өтүп, Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо да өзүнүн соода флотунун укуктук негизин түзүүнү карайт.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинети болуп саналат. Документ соода деңизде сүзүү тармагын жөнгө салуунун толук системасын түзүүгө, кемелерди Кыргызстандын туусу алдында каттоого жана эл аралык кеме реестрин жүргүзүүгө багытталган.
Мыйзам долбоору эмнени сунуштайт?
Кодекстин долбооруна ылайык, Кыргызстанда деңиз кемелеринин өзүнчө мамлекеттик реестри түзүлүшү мүмкүн. Бул кемелерди Кыргызстандын туусу алдында каттоого жана аларга эл аралык сууларда кыргыз туусу менен сүзүүгө укук берет.
Ошондой эле кемелерди каттоо, эл аралык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө жана соода деңизде сүзүү тармагын жөнгө салуу менен алектене турган деңиз администрациясын түзүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда белгилүү болгондой, мындай кемелердин ээлери Кыргызстандын жарандары да, чет өлкөлүк компаниялар да боло алышат. Ошол эле учурда аскердик кемелерди жана өзөктүк материалдарды ташыган кемелерди каттоого тыюу салынат.
Долбоордогу кызыктуу жагдайлардын бири — кыргыз туусу алдында сүзгөн кемелердин катталган порту болушу керек. Документтерде мындай порт катары Бишкекти көрсөтүү сунушталган. Ошондуктан кемелердин арткы бөлүгүндө «BISHKEK» деген жазуу пайда болушу мүмкүн.
Бул деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында белгиленгендей, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу Кыргызстанды эл аралык деңиз соодасына катышуу укугунан ажыратпайт. Авторлордун пикиринде, өзүнүн кеме реестрин түзүү өлкөгө эл аралык деңиз ташуулары рыногуна катышууга, логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Министрлер кабинетинин өкүлдөрү деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок бир катар мамлекеттер ушундай механизмдерди колдонуп жатканын белгилешет. Мыйзам долбоорун талкуулоодо мисал катары өзүнүн кеме реестри бар жана эл аралык деңиз ташууларына катышкан Монголия келтирилген.
Иштеп чыгуучулардын айтымында, кемелерди кыргыз туусу алдында каттоо өзүнчө экономикалык багытка айланып, чет өлкөлүк кеме ээлерин тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык деңиз ташуулары тармагында катталган кемелердин кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Кыргызстан өзүнүн деңиз портторун курабы?
Жок. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Экономика министрлигинин өкүлдөрү сөз деңиз портун бюджеттик каражаттын эсебинен куруу тууралуу болуп жаткан жок экенин түшүндүрүшкөн.
Алардын айтымында, толук кандуу деңиз портун куруу миллиарддаган инвестицияны талап кылат.
Анын ордуна чет өлкөлөрдөгү инфраструктураны пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул жерде дагы мисал катары деңиз администрациясын өз аймагынан тышкары жайгаштырган Монголия көрсөтүлгөн.
Ошондой эле айрым функцияларды атайын адистештирилген уюмдарга аутсорсинг негизинде өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн экени айтылган.
Депутаттарды кандай суроолор тынчсыздандырды?
Мыйзам долбоору колдоо тапканы менен талкуу учурунда депутаттар бир катар суроолорду көтөрүштү.
Негизги кооптонуулардын бири эл аралык санкциялар менен байланышкан тобокелчиликтер болду. Депутаттардын айтымында, кыргыз туусу алдында жүргөн кеме өлкөнүн юрисдикциясында болуп эсептелет. Эгер мындай кеме санкциялык жүктөрдү ташууга катышып калса, бул Кыргызстанга карата эл аралык дооматтардын пайда болушуна жана өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мындан тышкары, парламент мүчөлөрү флотту башкаруу системасы кандай иштей турганына, кемелердин ишмердүүлүгүн ким көзөмөлдөөрүнө жана айрым функцияларды чет өлкөлүк компанияларга өткөрүп берүү канчалык коопсуз экенине кызыгышты.
Өзүнчө талкуу кодекстин текстине да байланыштуу болду. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Молдованын мыйзамдарынын негизинде даярдалганын билдирген. Ал эми Экономика министрлиги документ эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жана деңиз укугу боюнча адистердин катышуусунда иштелип чыкканын маалымдаган.
Кодекс кабыл алынса эмне өзгөрөт?
Эгер кодекс толугу менен кабыл алынса, Кыргызстан соода деңизде сүзүү тармагында өзүнүн укуктук системасына ээ болот. Өлкө кемелерди өзүнүн туусу алдында каттап, эл аралык кеме реестрин жүргүзүп жана бул тармакты жөнгө салуучу органдарды түзө алат.
Ошол эле учурда сөз Кыргызстанда аскердик-деңиз флотун түзүү же деңиз портторун куруу тууралуу болуп жаткан жок. Мыйзам долбоору соода деңизде сүзүүсүнө гана тиешелүү жана өлкөнүн эл аралык деңиз ташуулары системасына кыргыз туусу алдында катталган кемелер аркылуу катышуусун жөнгө салууга багытталган.