Бишкекте УКМКнын мурдагы жетекчиси Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту өтүүдө

01.06.2026 | 17:29
УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев

Бүгүн, 1-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башка жети адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Сот жабык түрдө өтүүдө.

ЖМКлардын маалыматында, сотко Ташиев өзү келди, бирок журналисттерге комментарий берген жок.

Эске салсак, Ташиевге «Адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси менен кошо бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар. Алар да бүгүнкү сотко катышканы белгилүү болду.

Ички иштер министрлиги соттук ишке жашыруун макамын бергендиктен бардык соттук отурумдар коомчулук жана басма сөз өкүлдөрү үчүн жабык болот. Ал эми тергөөнүн жана соттун материалдарын ачыкка чыгарууга мыйзам менен тыюу салынган.

Scroll to Top