Спортчулардын улуттук курамадагы жылдарын эмгек стажына кошуу сунушталууда

01.06.2026 | 17:26
Дастан Бекешев

Министрлер кабинетинин төрагасы «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ спорт тармагындагы бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү камтыйт. Алардын арасында угуусу начар адамдар үчүн спортту колдоо, спорттук федерациялардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү жана спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо чаралары бар.

Мыйзам долбоорундагы негизги жаңылыктардын бири — сурдлимпиадалык спортту мыйзам деңгээлинде расмий бекитүү.

Документти иштеп чыккандардын маалыматына ылайык, Сурдлимпиадалык оюндар 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Эл аралык олимпиада комитети тарабынан таанылган. Бүгүнкү күндө бул мелдештерге дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышат.

Кыргызстан Сурдлимпиадалык оюндарга 2009-жылдан бери катышып келет жана бул аралыкта бир топ ийгиликтерге жетишкен. Айрыкча 2022-жылы Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиадалык оюндарда улуттук курама алты медаль жеңип алган. Ал эми 2024-жылы Куала-Лумпурда өткөн Азия-Тынч океан сурдлимпиадалык оюндарында кыргызстандык спортчулар 18 медаль утуп, командалык эсепте алтынчы орунду ээлешкен.

Мындай жетишкендиктерге карабастан, сурдлимпиадалык спортчулар азыркыга чейин толук кандуу мыйзамдык колдоого ээ эмес. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, айрым эл аралык мелдештердеги жогорку көрсөткүчтөрү үчүн спортчуларга башка категориядагы спортчуларга берилген бир жолку сый акылар дагы төлөнгөн эмес.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, сурдлимпиадалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү жана каржылоо үчүн укуктук негиз түзүлүп, адаптивдүү спортту колдоо жана спортчулардын мамлекеттин атынан эл аралык мелдештерге катышуусу камсыздалат.

Дагы бир маанилүү өзгөртүү — спортчунун Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында болгон мезгилин эмгек стажына кошуу.

Азыркы учурда көптөгөн спортчулар жылдар бою өлкөнүн намысын эл аралык аренада коргогону менен, бул мезгил кийин жумушка орношууда дээрлик эсепке алынбайт. Ошол эле учурда спорттук карьера убакыт жагынан чектелүү болуп, чоң физикалык күчтү жана жаракат алуу тобокелчилигин талап кылат.

Негиздемеде белгиленгендей, улуттук курама командадагы ишмердүүлүк чындыгында кесиптик иш болуп саналат. Спортчулар күн сайын машыгып, окуу-машыгуу жыйындарына жана эл аралык мелдештерге катышып, мамлекеттин маанилүү милдеттерин аткарышат жана Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада чыгышат.

Карьерасын аяктагандан кийин алардын көбү жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болушат. Маселен, спорттук мекемелерде машыктыруучу болуп иштөө үчүн дене тарбия жана спорт тармагында кеминде беш жылдык эмгек стажы талап кылынат. Ошол эле учурда спортчулардын улуттук курамадагы орточо мөөнөтү төрт жылдан алты жылга чейин созулат.

Мыйзам долбоору бул мезгилди дене тарбия жана спорт тармагындагы эмгек стажы катары эсептөөнү сунуштайт. Бул мурдагы спортчуларга машыктыруучу болуп тоскоолдуксуз жумушка орношууга жана мыйзамда каралган эмгек стажы үчүн кошумча төлөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

Өзгөртүүлөр ошондой эле спорттук федерацияларды мамлекеттик аккредитациялоо механизмин кайра киргизүүнү карайт.

Документтин авторлорунун айтымында, учурда көптөгөн федерациялар мамлекеттик бюджеттен каржыланганы менен алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жетишсиз. Айрым учурларда федерациялар ички мелдештерди өткөрүү жана спортчуларды эл аралык турнирлерге жөнөтүү менен гана чектелип, спорт түрүн өнүктүрүү боюнча так жоопкерчилик албай келишет.

Аккредитация федерациялардын ишинин натыйжалуулугун, кадрдык жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, ошондой эле спортчуларды жана улуттук курама командаларды даярдоонун сапатын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Мындай практика Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Беларуста колдонулуп келет. Кыргызстанда бул процедура 2018-жылы жоюлган, эми аны жаңыланган форматта кайра киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун дагы бир бөлүгү спорттук-массалык иш-чаралардагы коопсуздукка арналган.

Акыркы жылдары өлкөдө ири спорттук мелдештердин саны жана стадиондорго, ареналарга, ипподромдорго келген көрүүчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга байланыштуу көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча эрежелерди мыйзам деңгээлинде бекитүү сунушталууда.

Документ коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана спортчулар менен күйөрмандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууну карайт.

Бул маселенин өзгөчө актуалдуулугу 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. Демилгечилердин пикиринде, так эрежелердин болушу өлкөгө эл аралык деңгээлдеги мелдештерди татыктуу өткөрүүгө жана ири спорттук иш-чараларды уюштура алган мамлекет катары аброюн бекемдөөгө жардам берет.

Министрлер кабинетинин пикиринде, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы инклюзивдүү спортту өнүктүрүүгө, спортчулардын социалдык корголушун күчөтүүгө, спорттук федерациялардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана өлкө боюнча спорттук иш-чараларды өткөрүүдө коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Ошол эле учурда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун киберспортко байланышкан нормалар менен толуктоону сунуштады.

Анын айтымында, мыйзамда киберспорт түшүнүгүн так аныктап, аны мамлекет тарабынан расмий таануу зарыл.

Мындан тышкары, депутат мектептерде жана жогорку окуу жайларда киберспорттук клубдарды жана секцияларды түзүү мүмкүнчүлүгүн мыйзамда бекитүүнү сунуштоодо. Ошондой эле жашы жете электердин киберспорттук мелдештерге катышуусун жөнгө салган нормаларды киргизип, алардын окуу процессине тоскоол болбоосун камсыздоо керек деп эсептейт.

Бекешевдин айтымында, бүгүнкү күндө киберспорттун макамы боюнча көптөгөн талаш-тартыштар жана түшүнбөстүктөр бар. Кыргызстанда киберспорт боюнча аккредитацияланган улуттук федерация болгонуна карабастан, көпчүлүк киберспортту өзүнчө спорттук дисциплина катарыбы же жөн гана компьютердик оюн катарыбы түшүнүүдө.

«Укук коргоо органдары бул ишмердүүлүктү ар кандай чечмелеп калышы мүмкүн. Ошондуктан киберспортту мыйзам деңгээлинде таанып, анын макамын так аныктоо керек», — деп эсептейт депутат.

Scroll to Top