Караколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салынды

14.10.2026 | 10:26
Караколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салынды — Новости Кыргызстана

Каракол шаарында май куюучу жайдын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайда пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Текшерүү жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде уюштурулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында май куюучу жайда резервуарды алмаштыруу, оператордук жайдын планын өзгөртүү жана капиталдык оңдоо иштери тиешелүү уруксат кагаздары жок аткарылып жатканы аныкталган. Объектинин өкүлдөрү архитектуралык-пландоо тапшырмасын көрсөтүшкөнү менен, реконструкция иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтерди бере алышкан эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча акт түзүлгөн. Шаар куруу ченемдерин бузгандыгы үчүн «Реал Петролеум» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Теги: Каракол
Scroll to Top