Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына карата «Эскерүү шамы» акциясы өтөтМаматалиев «75 иши» боюнча фигуранттарды «чөөлөр» деп атадыКыргызстан менен Кытайдын жазуучулары кызматташтыкты өнүктүрөтТалант Мамытов сотто “75 иши” боюнча анын аты эмнеге аталганын түшүндүрдүКР Саламаттыкты сактоо министрлиги инсульттан кийинки реабилитациялоонун үзгүлтүксүз системасын киргизетӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
1-майга карата Баткенде абал туруктуу
01.05.2021 | 09:46
1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда чек ара аймагындагы кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынды. Өткөн түнү эч кандай окуя же атышуу катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан посттор орнотулуп, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, элдик кошуундар облустук ички иштер башкармалыгынын, ички аскерлердин жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом