Чет өлкөлүктөргө кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда1-сентябрдан тарта «Амина» тиркемеси Москвадагы чет өлкөлүктөр үчүн милдеттүү болотӨКМ Чүй облусундагы Көл-Төр көлүнүн ташып кетүү коркунучун жойдуБыйыл Кыргызстанда 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылдыВенгриянын жаңы президенти Андраш Баку болдуҮч-Коргон ГЭСин жаңыртуу иштери быйыл аяктайт
1-майга карата Баткенде абал туруктуу
01.05.2021 | 09:46
1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда чек ара аймагындагы кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынды. Өткөн түнү эч кандай окуя же атышуу катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан посттор орнотулуп, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, элдик кошуундар облустук ички иштер башкармалыгынын, ички аскерлердин жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом