Мамлекет Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандантууга ири каражат бөлдү

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин кайра жандандырууга мамлекет 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев аталган облуска болгон иш сапарында билдирди.
Төрөбаевдин айтымында, жогорудагы каражаттан тышкары президенттин жарлыгы менен ишкананын эсебине 931,6 млн сом каралып, анын 600 млн сому мекемелер алдындагы карыздарды жабууга берилген. Ошондой эле жыл башында эмгек акы жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн 116 млн 900 миң сом бөлүнгөн.
Атайын өкүл сапардын алкагында ишкананын абалы менен таанышкан. Өкмөттүн маалыматында, учурда заводдун өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо жана инженердик тармактарын реконструкциялоо боюнча даярдыктар жүрүүдө. Мындан тышкары, ишкананын аймагында индустриалдык парк түзүү пландалып жатат.