Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
10-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
10.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 10-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 29…34°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 34…39°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 23…28°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 21…26°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 19…21°C, күндүз 34…36°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы