Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Колледждерге кабыл алуунун 5-турунда босого балл 80ге түшүрүлдү
10.08.2026 | 09:45

Орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи турунда негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү. Мындай чечим Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругу менен кабыл алынды.
Министрликтин маалыматында, бул өзгөртүү окутуунун бардык формалары боюнча гранттык жана келишимдик негиздеги орундарга тиешелүү. Ошондой эле адистиктер боюнча өтүүчү конкурска абитуриенттер кошумча предметтик тесттердин жыйынтыктарысыз катыша алышат.
Мындай чечим жарандардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде жана кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынган.
Абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун бешинчи туру бүгүн, 10-августта башталат.