Курман айт: Адыл каары Шапиев каада-салттар, курмандык чалуу жана каталар тууралууОшто эски жана мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамалар алынуудаЭми кыргызстандыктар 60тан ашык өлкөдө QR аркылуу төлөм жүргүзө алышатАкыйкатчы институту кыйноолордун алдын алуу боюнча бир айлык жарыяладыЖергиликтүү бийликти калк менен тыгыз кызматташууга милдеттендирген жарлыкка кол коюлдуКыргызстан Бакуда балык тармагына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик тутумун тааныштырды
10-июль: Кыргызстанда дагы 511 адамдан коронавирус аныкталды
10.07.2020 | 10:07
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 511 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 10-июлда өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —260 адам. Ош шаарында 27, Чүй облусунда 104, Ош облусунда 20, Нарын облусунда 26, Ысык-Көл облусунда 26, Жалал-Абад облусунда 29, Баткен облусунда 16, Талас облусунда 3 адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 41 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми 6 адам каза болгон.
18-марттан 10-июлга чейин өлкөдө жалпы 9358 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2134 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул 122 оорудан каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом