Баткен облусунун тургундарына жаңы томограф орнотулду«Ала-Арча» паркына кирүүнүн акысы эмнеге кымбаттаганы айтылды«Манас» университетинин ректораты кампус аркылуу жол салууга каршы чыкты12-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтЯндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирди
10-сентябрь. Кыргызстанда 71 адамдан илдет тастыкталды, 151 бейтап сакайды
10.09.2020 | 11:23
Акыркы суткада Кыргызстан боюнча илдет 71 адамдан тастыкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 15, Ош – 1, Чүй облусу – 4, Ош облусу – 5, Талас облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 15, Баткен облусу – 19.
Өлкө аймагы боюнча вирусту жуктургандардын жалпы саны 44 миң 684гө жетти.
Ал эми соңку суткада коронавирустан 151 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Буга чейин республика боюнча жалпы 40 миң 487 адам оорудан айыкты.
Өткөн суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1063.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом