КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
«Көч жолу» автоэкспедициясы Оштон Алтайга аттанды
10.06.2026 | 12:06
Бүгүн, 10-июнда, Ош шаарынан «Көч жолу» аттуу эл аралык автоэкспедиция Алтайга карай жол тартты. Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулган бул сапарга беш саякатчы катышууда.
Мэриянын маалыматында, саякат 30 күнгө созулат. Экспедициянын маршруту Ош – Алматы – Талдыкоргон – Семей – Барнаул – Тоолуу Алтай – Монголия багыты боюнча өтөт.
Сапардын максаты — Улуу Көч жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин достугун бекемдөө жана туризмди жайылтуу болуп саналат.
Экспедициянын жүрүшүндө саякатчылар жолдогу тарыхый эстеликтерди кыдырып, элдин каада-салты жана жашоосу менен таанышышат. Сапар социалдык тармактарда жарыяланып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


