Эр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптадыЖапаров Кадамжай районунун өнүгүү жыйынтыктары жана жаңы долбоорлор менен таанышты«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керек
Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орду бар
09.06.2026 | 17:02

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 миң 248 бош жумуш орду бар экенин билдирди. Суроо-талаптын көбү жумушчу адистиктерге багытталган.
Министрликтин маалыматында, учурда республикада расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,2 миң адам каттоодо турса, алардын 38,7 миңи расмий жумушсуз макамына ээ. Жыл башынан бери аталган кызматтарга 54 миң 807 жаран кайрылып, алардын 4554ү жумушка орноштурулган.
Мекеме эң көп талап кылынган кесиптер төмөнкүлөр экенин билдирди:
- тигүүчү;
- электр-газ ширетүүчү;
- сантехник-слесарь;
- ашпозчу;
- компьютердик оператор;
- бухгалтер (1С программасы менен);
- тейлөө тармагындагы адистер (косметолог, чач тарач, массажист ж.б.).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жумуш