Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылдыПрезидент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды
Искендер Шаяхметов Бишкек шаардык тез жардам борборунун башкы дарыгерлигинен кетти
10.06.2026 | 10:18

Искендер Шаяхметов Бишкек шаардык Тез жардам борборунун башкы дарыгери кызматынан кетти. Ал бул тууралуу өзү билдирип, 9-июнь күнү жамаат менен коштошуу болгонун айтты.
Шаяхметовдун айтымында, саламаттык сактоо министри менен жолугушкан.
«Министрге эч кандай таарынычым жок, ал өз ишин түшүнгөн, абдан интеллигенттүү адам. Бүгүнкү күндө мен тараптан иште эч кандай кемчилик болгон жок, баары жакшы иштеп жаткан», — деген ал.
Ошондой эле ал Бишкек шаардык тез жардам борборунун башкы дарыгерлигине анын шакирти Егор Борисов дайындаларын билдирди.
Белгилей кетсек, Искендер Шаяхметов аталган кызматты 2015-жылдан бери ээлеп келген.
Теги: Бишкек