ӨКМ: 8-11-август күндөрү өлкөдө сел жүрүү коркунучу барКыргызстанга өзүнүн туристтик бренди жана премиум туризмге басым керек — экспертЕАЭБ илимий наамдарды өз ара таанууну жана санариптик сооданы кеңейтет — МишустинНикол Пашинян: ЕБге кирүү жөнүндө мыйзам ЕАЭБден тез арада чыгууну билдирбейтЧолпон-Атада «Чолпон» кинотеатры оңдоодон кийин ачылдыӨтмөк ашуусунда жарыктандыруу жана туристтик рест-пойнт пайда болот
Кыргызстан менен Беларусь кызматташуу боюнча 12 документке кол коюшту
05.06.2026 | 15:18

Бүгүн, 5-июнда, Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча 12 документке кол коюлду. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер эки тараптуу кызматташуунун бир катар тармактарын камтыды. Алар:
- Транспорт: Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.
- Социалдык тармак: Эмгек, социалдык коргоо жана миграция тармагында кызматташуу боюнча макулдашуу.
- Айыл чарба: Үрөнчүлүк боюнча меморандум жана Биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынынын протоколу.
- Экономика: Кыргыз-Беларусь ишкердик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу, стандартташтыруу жана метрология боюнча келишим.
- Почта байланышы: Почта кызматтары жана электрондук коммерция боюнча кызматташуу меморандуму.
- Маданият жана билим берүү: Кыргыз улуттук университети менен Брест мамлекеттик университетинин ортосунда, ошондой эле филармониялар жана музейлер аралык кызматташтык боюнча макулдашуулар.
- Аймак аралык кызматташтык: Ысык-Көл облусу менен Витебск облусунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
Кол коюу аземинен кийин КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев басма сөз өкүлдөрүнө билдирүү жасап, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун жана кыргыз-беларус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калганын белгиледи. Ошондой эле кыргыз тарап эки тараптуу күн тартибинин бардык багыттары боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин тастыктады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Беларусь, Министрлер кабинети