«Манас» университетинин ректораты кампус аркылуу жол салууга каршы чыкты

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты студенттик шаарчанын аймагы аркылуу муниципалдык жолдун курулушуна кескин каршы экендигин расмий түрдө билдирди. Окуу жайдын жетекчилигинин атайын кайрылуусунда «Манас» Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык макамга ээ экендиги баса белгиленет.
Билдирүүдө белгиленгендей, өзүнүн 30 жылдык тарыхында жогорку окуу жай 16 миңге жакын адисти даярдап чыгарды жана бүгүнкү күндө 7 миңге чукул студент билим алууда. Ошондой эле, ал дүйнөлүк рейтингдердин мыкты 1000 окуу жайынын (топ-1000) катарына кирген Кыргызстандагы жалгыз университет болуп саналат. Администрация кампустун бүтүндүгүн сактоо студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу жана тийиштүү академиялык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин баса белгилейт. Окуу жайдын жетекчилиги бул маселе эл аралык милдеттенмелерди жана институционалдык укуктарды сактоо менен чечилет деген үмүтүн билдирди.
Ректорат коомдук кызыкчылыктардын жыргалчылыгы үчүн конструктивдүү диалогго ачык экендигин ырастады. Мындан тышкары, кайрылууда студенттик шаарча атын алып жүргөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгынын 18 жылдыгына карата анын жаркын элеси эскерилип, анын «Манас» университетин чыныгы «тарыхтын белеги» деп атаган сөздөрү эске салынды.