Эксклюзив

Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий берди

09.10.2026 | 12:28
Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза республикалык борборунун (СМЭРБ) директору Сүйүн Касымов мекеменин кызматкеринин мамлекеттик тилди билүүсүн блогер текшерген окуя боюнча Reporter.kg басылмасына комментарий берди.

Ал СМЭРБдин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбей турганын, алар медициналык адистер катары иштешерин түшүндүрдү.

Анын айтымында, талкууга түшкөн кызматкер дарыгер-гистолог кызматын аркалайт. Анын милдеттерине биологиялык материалдарды изилдөө жана эксперттик корутундуларды даярдоо кирет.

«Алардын бөлүмүнө материал келип түшөт, дарыгер-гистологдор аны изилдеп, корутунду жазышат. Бул кызматкер жабырлануучулар же айыпталуучулар менен такыр байланышпайт. Анын милдети — үлгүлөр коюлган айнектерди изилдөө», — деди Касымов.

Ошондой эле директор 8-октябрда борборго белгисиз үч адам келип, жетекчилик расмий тилди гана билген кызматкерге карата кандайдыр бир чара көрдүбү деп сурай башташканын билдирди.

«Мен аларга: „Кандай чара көрсөм болот? Орус тилин гана билгени үчүн мыйзамдын кайсы беренесинин негизинде жазалашым керек?“ деп түшүндүрдүм. Мени видеого тартып, күнөөлөп жатышты», — деди мекеме жетекчиси.

Касымовдун айтымында, кызматкер укук коргоо органдарына арыз жазган. Кечээ жакында СМЭРБге райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү келип кетишкен.

Директор мекеменин коопсуздук маселесине да өзүнчө токтолду. Ал соттук-медициналык экспертизанын аймагына бөтөн адамдардын киришин чектөө зарыл деп эсептейт.

«Негизи соттук-медициналык экспертиза кайтарылышы керек. Юстиция министрлигинин же ИИМдин мамлекеттик экспертизасына кирип көрүшсүнчү — кире алышпайт. Бизге болсо ким кааласа, ошол кирип келет», — деп белгиледи Касымов.

Буга чейин социалдык тармактарда блогер Али Эргешев соттук-медициналык экспертизанын кызматкеринен эмне үчүн кыргыз тилинде сүйлөбөй жатканын түшүндүрүүнү талап кылган видео тараган. Кыздын аны коё берүүнү өтүнгөнүнө карабай, блогер мамлекеттик тилде сүйлөшүүнү талап кылууну уланткан.

Кийинчерээк кызматкер Reporter.kg басылмасына видео жарыялангандан кийинки күнү мекемеге дагы үч белгисиз адам келип, алардын жүрүм-туруму аны коркутканын айткан. Ошондон кийин ал милицияга кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы арыз кабыл алынганын жана тергөөгө чейинки текшерүү башталганын тастыктады.

Эске салсак, Кыргызстанда орус тили Конституцияда бекитилген расмий макамга ээ. Президент Садыр Жапаров бул макамды кайра карап чыгууга бир нече ирет каршы чыккан.

Ал буга чейин: «Орус тили бизге муктаж эмес — биз орус тилине муктажбыз» деп баса белгилеп, анын билим берүү жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүүлүгүн билдирген

Анара Мамытова

Соттук-медициналык экспертиза кайтарылышы керек. Юстиция министрлигинин же ИИМдин мамлекеттик экспертизасына кирип көрүшсүнчү — кире албайсың. Ал эми бизге каалаган эле киши кирип жүрөт.

Суйун Касымов

Директор Центра судмедэкспертизы прокомментировал ситуацию по языковому вопросу — Новости Кыргызстана

Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору

Scroll to Top