Чүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартуулады

Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алдында Кант шаарынын мэриясы аймактын мааракесине арналган видеороликти тартуулады.
Шаардык муниципалитет тактагандай, аны тартууга мектеп окуучулары жана чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү катышты.
Долбоор Кант шаарынын мэриясынын жана «Dream Studio» бий студиясынын жетекчиси Каныкей Бекказиеванын демилгеси менен ишке ашты. Тартуу иштерине Д. П. Зубков атындагы № 1 мектептин окуучулары да кошулду. Билим берүү мекемесинин директору уюштуруучулук колдоо көрсөттү.
Видеоролик Чүй облусунун кылымдык мааракесине арналган негизги майрамдык иш-чаралардын алдында даярдалды. Ал Бишкекте өтө турган салтанаттарга карата көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү болуп калды.
Чүй облусунун 100 жылдыгы кандай белгиленет?
Эске салсак, негизги иш-чаралар 10-октябрда Бишкектин чок ортосундагы Ала-Тоо аянтында өтөт. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн эртең менен башталып, кечке чейин созула турган майрамдык программа даярдалган.
Аянтта Чүй облусунун маданий мурасына арналган тематикалык көргөзмөлөр уюштурулат. Келгендерге элдик кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, салттуу өнөр жана облустун райондорунун жетишкендиктери тартууланат.
Өзүнчө аянтчалар улуттук тамак-ашка арналат. Майрамдын коноктору кулинардык каада-салттар менен таанышып, улуттук даамдардан ооз тие алышат. Майрамдык программа Ала-Тоо аянтындагы чоң концерт менен жыйынтыкталат. Башталышы саат 20:00гө пландалган.
Сахнада Ulukmanapo, Bakr, Amirchik, Азат Раимбердиев, Баястан, Malika Dina, Омар, Гүлнур Сатылганова, «Номад» триосу жана башка артисттер өнөрлөрүн тартуулашат.