«Кыргызфильм» балдарга арналган мультфильмдердин долбоорлоруна сынак жарыялады

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 0–12 жаштагы балдарга арналган анимациялык фильмдердин долбоорлоруна сынак жарыялады. Долбоорлор 2027-жылдын тематикалык планына киргизилет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, сынак мамлекеттик тилдеги балдар контентин көбөйтүү, кыргыз тилин өнүктүрүү, балдардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана улуттук баалуулуктарды заманбап анимация аркылуу жеткирүү максатында өткөрүлөт.
Сынакка 2D, 3D форматтарындагы жана жасалма интеллект колдонулган анимациялык долбоорлор кабыл алынат. Сунушталган иштер 0–3, 4–6, 7–9 жана 10–12 жаштагы курактык топтордун бирине ылайыкталышы зарыл.
Катышуу үчүн долбоордун аталышы, логлайн, синопсис, сценарий, визуалдык концепт, каармандардын сыпаттамасы, жанры, форматы, хронометражы, пилоттук үзүндү жана авторлор тууралуу маалымат тапшырылат. Долбоорлордо зомбулукка, агрессияга жана коммерциялык жарнамага жол берилбейт.
Материалдар 2026-жылдын 2-октябрынан 15-декабрына чейин кабыл алынат. Документтер [email protected] электрондук дарегине жана Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсү, 290 дарегинде жайгашкан «Кыргызфильм» киностудиясына кагаз түрүндө 2 нускада өткөрүлүшү керек.