Кыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталууда

Кыргызстанда унаа ээлерине жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) ислам принциптери боюнча — такафул тутуму менен тариздөөгө уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, колдонуудагы мыйзамдар ислам принциптери боюнча камсыздандырууга жол берет, бирок ОСАГО боюнча ченемдер такафул документтерин таанууну караштыра элек. Ушундан улам, мындай тутумду тандаган айдоочулар документтерди текшерүүдө жана башка учурларда укуктук белгисиздикке дуушар болушу мүмкүн.
Reporter.kg’нин маалыматы: Такафул — катышуучулардын ортосунда өз ара жардамдашуу, тилектештик жана пайда менен чыгашаларды чогуу бөлүшүү принциптерине негизделген исламдык камсыздандыруу тутуму, бул Шарият эрежелерине толук ылайык келет.
Мыйзам долбооруна ылайык, автоунаа ээлери салттуу ОСАГО полиси менен такафул тутуму боюнча камсыздандыруунун ортосунда тандоо жасай алышат. Эки документ тең бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Ошол эле учурда транспорт каражатына (ТК) ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин беш жумушчу күндүн ичинде камсыздандырууну тариздөө талабы сакталат.
Бул унааны менчикке алуу, ээликтен ажыратуу укугу менен ишеним кат алуу, транспортту чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү, ошондой эле ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негиздерине тиешелүү.
Мындан ары унаа ээлери өздөрүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин үзгүлтүксүз камсыздандырып турууга тийиш.
Демилгенин авторлору бул өзгөртүүлөр мыйзамдагы боштукту жоюуга, жарандар менен уюмдардын камсыздандыруу кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана рыноктун катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.
Ошондой эле милдеттүү камсыздандыруусу жок ТК башкаргандыгы үчүн жоопкерчиликти караган Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Учурда ОСАГОну тастыктаган документтин жоктугу үчүн төмөнкүдөй айып пулдар каралган:
- жеке жактар үчүн — 3 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн — 13 миң сом.
Айып пулдардын өлчөмү өзгөрүүсүз калат. Ошол эле учурда, такафул документтери да милдеттүү автокамсыздандыруу талаптарын аткаргандыктын тастыктамасы катары таанылышы үчүн беренени ислам принциптери боюнча камсыздандыруу жөнүндө жобо менен толуктоо сунушталууда.
Анара Мамытова