Сурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болду

07.10.2026 | 13:31
Сурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болду — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин жана алардын кол алдындагылардын жүрүм-турумуна нааразы болду. Ал төрага Марлен Маматалиевден депутаттар менен болгон мамиледе этика жана субординация маселесин Министрлер Кабинетинин жетекчилиги менен талкуулоону өтүндү.

Сурабалдиева президент парламентте сүйлөп жатып, бардык мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште жакшылап талкууланып, документтер мамлекет башчысынын кол коюусуна жөнөтүлгөнгө чейин толук бышып жетилиши керектигин айтканын эске салды.

Бирок анын айтымында, акыркы убактарда айрым жогорку кызматтагы чиновниктер парламентке өздөрү келбей, орун басарларын жөнөтүшөт. Ал эми өздөрү келген учурда депутаттар менен сүйлөшүүдө туура эмес мамилеге жол берген учурлар бар.

«Мындай чиновникке эскертүү айтсаң, кийин социалдык тармактарда анын кол алдындагылар депутаттар тууралуу өтө орой комментарийлерди жаза башташат», — деди Сурабалдиева.

Ал буга чейин ушундай жагдай боюнча арызданганын, бирок анын айтымында, эч кандай реакция болбогонун билдирди.

Депутат Жогорку Кеңештин төрагасына түз кайрылып, бул маселени Министрлер Кабинетинин жетекчилиги менен талкуулоону өтүндү.

«Сиз биздин спикерсиз, парламенттин башкы өкүлүсүз. Менин чоң өтүнүчүм бар: бул жерде этика боюнча иш жүргүзүшүбүз керек. Премьер-министр менен сүйлөшүшүңүз зарыл. Депутаттардын иштөөгө болгон каалоосу басаңдабашы керек», — деди ал.

Сурабалдиева парламентке келген чиновниктер этиканы жана субординацияны сакташы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда депутаттардын мыйзам долбоорлоруна карата айткан эскертүүлөрүн жеке сын катары кабыл албоого чакырды.

«Мыйзам президенттин кол коюусуна барганга чейин бышып жетилиши керек. Ал бул жерде толугу менен талкууланышы зарыл. Биз кесепеттери тууралуу айтканда, Министрлер Кабинети көбүнчө бизге таарынат. Бирок кийин көчөлөрдө нааразычылыктар пайда болот», — деди депутат.

Сурабалдиева ошондой эле чиновниктерди эскертүүлөргө, айрыкча жүрүм-турум этикасына жана үндүн тонун жогорулатууга байланыштуу сын-пикирлерге өтө катуу реакция кылбоого чакырды.

Ал айрым чиновниктердин аял депутаттарга жасаган мамилесине да токтолду.

«Эркек менен аял бар экенин унутпаш керек. Эгер мен эркек болсом, балким, айрым чиновниктердин мага жасаган мамилесине жараша мен дагы өзүмдү башкача алып жүрмөкмүн. Бирок кандай болсо, ошондой. Жок дегенде бул жерде субординацияны унутпайлы», — деди Сурабалдиева.

Буга жооп катары Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев чиновниктердин мындай жүрүм-туруму парламентте мындан ары кайталанбашы керектигин билдирди.

«Менин сөзүм дал ушул тууралуу болчу. Мен муну баса белгиледим, болгондо да катуу белгиледим. Ошондуктан мындан ары бул жерде мындай көрүнүш кайталанбашы керек жана кайталанбайт. Мындай чиновниктерге карата сөзсүз чара көрөбүз», — деди Маматалиев.

Scroll to Top