Токтогулда жол кырсыктан мугалим каза болуп, беш киши жабыркады

Токтогулда жол кырсыктан мугалим каза болуп, беш киши жабыркады

Токтогул районундагы Кубат Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери жол кырсыгына учурап, бир мугалим каза болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-апрелде болгон жол кырсыктын кесепетинен математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева көз жумган. Андан тышкары, төрт мугалим жана унаанын айдоочусу ооруканага жаткарылыган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ооруканага жаткырылгандардын экөөнүн абалы оор, үч адам хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

«Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды. Маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз… Жабыр тарткандардын батыраак сакайып кетүүсүн тилейбиз», — деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, кырсыкка кабылгандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>