Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

13.10.2026 | 16:58
Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн гипстен жасалган плиталарды, такталарды, панелдерди жана плиткаларды ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу салуу Кыргызстандын аймагы аркылуу бажылык транзит менен ташылуучу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан алынып келүүчү жана Министрлер Кабинети жактырган инвестициялык долбоорлордун алкагында ташылган товарларга жайылтылбайт.

Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн (13-октябрь) тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми чектөө бул токтом күчүнө кирген датадан үч күн өткөндөн кийин колдонула баштайт.

Теги: импорт
Scroll to Top