Дагы бир кыргызстандык Эверестти багындырды (видео)

Дагы бир кыргызстандык Эверестти багындырды (видео)

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Эверестке 17-майда саат 07:40та чыккан. Кадыр Сайдилкан дүйнөнүн эң бийик чокусуна Кыргызстандын туусун, ак калпакты жана «Манас» эпосун ала чыккан.

«Бул Эверест тоосундай эмгегимди, менин төрөп, өстүрүп, чоңойтуп, тарбиялап, азыр да бассам-турсам батасын берип, төрүмдүн көркү болуп отурган, менин баа жеткис байлыгым, мен Эверестке чыгууга аракеттенип жатканда, 10-майда туулган күнү болуп, 91 жашка келген апакеме арнадым!!!

Апакемден кийин эки кызым Нурайка, Алия, кыздарымдын апасы Айгеримге, бир тууган эжелерим Жумакан, Айнагүл, Чолпон, Гүлжан жана жалпы кыргыздын асылзат аялдарына арнадым!!!

Кыргыз айымы эч качан кор болбосун, зордолбосун, уурдалбасын, сый урмат, сүйүү, бакытка бөлөнүп жашасын деп чокудан тилек кылды», — деп жазды ал.

Кадыр Сайдилкан Эверестти багындырган үчүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин 1997-жылы Дмитрий Греков, 2021-жылы Эдуард Кубатов Эверест чокусуна чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>