Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
20-апрелден тарта күйүүчү майлар арзандай баштайт
11.04.2022 | 15:12
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков депутаттын суроосуна жооп берип жатып күйүүчү майларга болгон баалар турукташа баштаарын билдирди.
“20-апрелден тарта бензинге болгон баалар турукташа баштайт. Бүгүнкү күнгө чейин 10 күнгө чейин запастар түшүп кеткен. Кудай буюруп министрлер кабинетинин аракеттери менен бензиндин кору бир айга жете тургандай болду. Дизелдик отундун кору 3 айга жетет. 20-апрелден тарта баалар ылдыйлай баштайт. Атайын эрежелер менен иш алып бара жатабыз”-деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика