Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
21.08.2026 | 11:40

21–27-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өткөрүлөт. Иш-чара Орусиянын Театр ишмерлеринин союзу тарабынан уюштурулууда.
Маданият министрлигинин маалыматында, бул лаборатория 30 жылдан ашык убакыттан бери Орусияда жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл ал алгачкы жолу эл аралык форматта уюштурулуп, ага Кыргызстандын кесипкөй театр сүрөтчүлөрү катышат.
Программанын алкагында төмөнкүлөр каралган:
- тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулар жана автордук презентациялар;
- лекциялар жана мастер-класстар;
- театралдаштырылган перформанстар;
- Ысык-Көлдүн жаратылышында пленэрдик иштер.
Министрлик кыргызстандык адистерди лабораторияга активдүү катышууга чакырат. Катышуу шарттары жана арыз берүү тартиби боюнча толук маалымат Орусиянын Театр ишмерлеринин союзунун расмий сайтында (stdrf.ru) жайгаштырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият