Эксклюзив

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар

21.08.2026 | 17:00
«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — Новости Кыргызстана

Кыргыз кинематографынын «Мосфильм» менен байланышы — бул эки киностудиянын кызматташуу тарыхы гана эмес. Бул — улуттук кинонун калыптанышынын маанилүү бөлүгү, алтын корго кирген тасмалар жаралып, жаңы ысымдар ачылган, ал эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанга алдыңкы советтик режиссерлорду тарткан мезгил.

Баары 1955-жылы «Салтанат» тасмасынан башталган. Натурадагы көрүнүштөр Жети-Өгүздө жана Ысык-Көлдө тартылып, ал эми павильондук съёмкалар, тасманы чыгаруу жана монтаждоо иштери Москвада өткөн.

1940-жылдары Кыргызстанда кинохрониканын чакан гана корпункту иштеген. Өздүк кубаттуу техникалык база жетишсиз болгондуктан, түстүү тасмаларды чыгаруу жана постпродакшндын басымдуу бөлүгү ондогон жылдар бою «Мосфильмдин» аянтчаларында жасалып келген.

Москвалык режиссерлор үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары чыныгы магнитке айланган. Ирина Поплавская белгилүү болуп калган «Жамийла» жана «Мен — Тянь-Шань» тасмаларын тарткан. Бул тасмалардын оператору Кадыржан Кыдыралиев болгон.

«Мосфильмде» анын чеберчилиги тууралуу уламыштар айтылчу. Борбордук адистер жарыкты кылдаттык менен эсептеп, композицияны тууралап жатканда, Кыдыралиев эң татаал кадрды көз өлчөмү менен эле түзүп коё алчу. Андрей Кончаловский болсо өз кезегинде Кыргызстанда «Биринчи мугалимди» тартып, Айтматовдун повестине карата өзүнүн көз карашын сунуштаган.

Бул тарыхтын өзүнчө бир барагы — үн коштоо (үн жаздыруу). Кыргыз тилинде тартылган тасмалардын дубляжы Москвада жасалчу.

«Кыргыз керемети» доорун түзгөн адамдар, кокустуктар жана чыгармачылык чечимдер тууралуу — Reporter.kg’нин материалында.

Насрет Дубашевдин баяны

Белгилүү советтик жана кыргыз актеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Насрет Дубашевдин дебюту Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасындагы Сувандын ролу болгон.

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — Новости Кыргызстана

Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, жаш Насрет сынакка келгенде, өз кезегин күтүп жатып абдан уялганынан шкафтын ичине кирип бекинип алып, ал жактан кыргыз эл ырын ырдай баштаган. Аны Кончаловский угуп калып — баланы дароо ролго бекиткен, ал эми кийинчерээк аны «Мосфильмге» жеке өзү чакырган.

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — иллюстрация
«Тасмада айылдаштар чогулуп, ортодо менин жаткан жерибиз бар. Мен мектептеги өрттү өчүрөм деп каза болгон окуучунун ролун ойногом. Актерлор кайгырган адамдардын ролун ушунчалык мыкты аткарышкандыктан, мен өзүмдү чын эле өлүп калдым го деп ойлогом. Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева жана Даркүл Күйүкова сыяктуу кесипкөйлөр менен чогуу тасмага тартылганыма ушул күнгө чейин сыймыктанам», — деп айтып берген Дубашев.

Дубашев 1953-жылы төрөлүп, Фрунзедеги (азыркы Бишкек. — Ред. эскертүүсү) мектеп-интернатты аяктаган.

«Биринчи мугалимден» кийин ал Төлөмүш Океевдин легендарлуу «Бакайдын жайыты» («Небо нашего детства») тасмасында Бакайдын кенже уулу Калыктын ролун жараткан.

Эки жылдан кийин Дубашев москвалык режиссер Ирина Поплавскаянын «Жамийла» тасмасында Жамийланын күйөөсүнүн иниси — окуяны көрүүчүлөргө өз көзү менен чагылдырган Сейиттин ролун ойногон. Дагы үч жылдан кийин экранга «Отко таазим» / «Үркүя» (1971) тасмасы чыгып, анда актер Мырзанын образын жараткан.

Тасмага тартылууга жаңы чакыруулар болгонуна карабастан, Дубашев өз жашоосун кино менен байланыштырбоону чечкен. Ошентсе да, ал «кыргыз кереметинин» алтын доорундагы эң жаркын бала-актерлордун бири катары кинематографтын тарыхында калды.

Көп жылдарын Дубашев темир жол тармагындагы ишке арнаган. Ардагерликке чыккандан кийин ал Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жашап, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенип, Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чараларга активдүү катышып келет.
«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — контекст события

Ондогон жылдар өткөндөн кийин, эрезеге жетип калган курагында, Дубашев чоң экранга кайтып келген. Артыкпай Сүйүндүковдун Айтматовдун «Ак кеме» повестинин мотивдери боюнча тартылган «Шамбала» тасмасында ал башкы ролдордун бири — Момун чалдын ролун аткарган.

Тасма 50дөн ашык эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Кадыржан Кыдыралиевдин феномени

Көрүнүктүү советтик жана кыргыз кинооператору, кинорежиссер, Кыргыз ССРинин эл артисти (1982) Кадыржан Кыдыралиевдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — жарыкты жана кадрды феноменалдуу сезе билүүсү болгон. Ал чыгармачылыгы «кыргыз кереметинин» визуалдык тилин калыптандырган чеберлердин бири болуп калды.
«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — фото 4

Кыдыралиев мектепти аяктагандан кийин эле «Кыргызфильм» киностудиясына келип, ассистент болуп иштей баштаган, андан кийин ВГИКтин оператордук факультетин аяктаган. Анын кол жазмасы кадрдын терең психологизми, табигый жарык менен виртуоздуу иштөөсү жана масштабдуу тоо пейзаждарын тарта билүү жөндөмү менен айырмаланчу.

«Ал кезде „Мосфильмдин“ стандарттары так эсептөөлөрдү талап кылчу. Жарык менен композицияны сызгыч менен көпкө ченешчү. Ал эми Кыдыралиев орусиялык режиссер Ирина Поплавская менен иштешип жатып, эң татаал кадрларды интуитивдик түрдө эле түзүп койчу. Мосфильмдик операторлор анын көз өлчөмү менен эле кынтыксыз түзүлгөн кадрды жаратканын таң калуу менен карап турушкан», — деди Гүлбара Төлөмүшова.

Кыдыралиев Борбор Азия киносунун алтын корго кирген тасмаларын тасмага түшүргөн: Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты», Айтматовдун повестинин негизиндеги «Жамийла», Түштүк Кыргызстандын биринчи коммунист аялы тууралуу «Отко таазим» / «Үркүя» тарыхый драмасы, «Казахфильм» менен «Кыргызфильмдин» биргелешкен «Көк серек» («Лютый») культтук драмасы, ошондой эле чебердин кийинки эмгектеринин бири болгон «Манкурт эненин зары».

Кийинчерээк Кыдыралиев өзүн коюучу режиссер катары да көрсөтүп, «Аталар өрөөнү» жана «Талаадагы ок» көркөм тасмаларын тарткан.

Айтматов тренддерди кантип жараткан

1960–1970-жылдары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары советтик кино үчүн негизги адабий булактардын бирине айланган. Анын китептерин экрандаштыруу укугу үчүн белгилүү режиссерлор күрөшүп, ал эми чыгармалары боюнча тартылган тасмалар чоң окуяларга айланчу.

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — фото 5
Жазуучунун дүйнөлүк деңгээлде таанылышы ага кинематографиялык коомчулуктун ичинде ал кез үчүн өзгөчө болгон абройду берген. Советтик система Айтматов үчүн сейрек кездешүүчү өзгөчөлүккө да барган. СССРде республикалык кинематографисттер союздарынын жетекчилери адатта «биринчи катчы» деп аталчу, бирок Айтматов үчүн 1962-жылы «төрага» статусу бекитилген.

Бул аброй ага чейрек кылым бою жаш режиссерлорду колдоого жана цензура алдында алардын кызыкчылыгын коргоого мүмкүндүк берген. Кийинчерээк «кыргыз керемети» деп аталып калган феномен негизинен дал ушул чыгармачыл чөйрөдө калыптанган.

Канондорду бузуу: Кончаловский Айтматовду кантип өзгөрткөн

Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинде теректер жаратуунун, эс-тутумдун жана үмүттүн башкы символдорунун бирине айланат. Дүйшөн Алтынай менен биргеликте жаңы мектептин жанына эки көчөт отургузат, алар убакыттын өтүшү менен зор бактарга айланат.

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — фото 6
Бирок 1965-жылдагы экрандаштырууда Андрей Кончаловский бул образды тескерисинче буруп салган. Акира Куросаванын экспрессивдүү кинематографынан илхам алган жаш режиссер Дүйшөнгө айланадагы жалгыз теректи кыйдыртып салат. Башында сценарий «Теректер шуулдайт» деп аталган, бирок иштин жүрүшүндө Кончаловский маанилик басымды кескин өзгөртүп салган.

Анын Дүйшөнү — мектеп куруу үчүн устун алуу сыяктуу практикалык максат үчүн кылым карыткан даракты эч ойлонбостон жок кылууга даяр болгон фанаттык, чала сабат идеалист.

Ошентип, адабий түп нускадагы жаратуу символу киноверсияда эски дүйнө менен жаңы дүйнөнүн кагылышуусунун драмалык образына айланган.

Балдардын сүрөтү тагдырды кантип өзгөрттү

1968-жылы «Мосфильмдин» режиссеру Ирина Поплавская Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестин экрандаштыруунун үстүндө иштеп жаткан.

Режиссер өзү айтып бергендей, ал башкы титрлерди адаттан тыш кылып — жөн гана тамгалардын жыйындысы эмес, жандуу, таасирдүү жана балдарча чын ыкластуу кылгысы келген. Бул үчүн ал көркөм сүрөт мектептеринин жана окуу жайлардын тарбиялануучуларына кайрылган.

Көптөгөн балдардын эмгектеринин арасынан таланттуу окуучу Динара Чочунбаеванын сүрөттөрү Поплавскаянын көңүлүн бурган. Алар режиссердун эсинде ушунчалык калгандыктан, «Жамийланын» акыркы монтажына кирип, ал эми жаш сүрөтчүнүн аты-жөнү титрде өзүнчө көрсөтүлгөн.

Бирок бул тарых муну менен эле бүткөн эмес. Поплавская Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизиндеги кийинки «Мен — Тянь-Шань» тасмасын тартууга киришкенде, таланттуу окуучу кызды эстеген. Режиссер Динараны издеп таап, Аселдин ролуна чакырган.

«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар — фото 7

Ошентип, бир тасманын титрлери үчүн тартылган сүрөттөр кызга чоң кинонун эшигин күтүүсүздөн ачкан.

Кыргыз кинематографисттеринин «Мосфильм» менен кызматташуу тарыхы дал ушундай чоң жана кичинекей, кесипкөй жана дээрлик кокусунан болгон эпизоддордон турат. Тасманы чыгаруу жана дубляж, биргелешкен съёмкалар жана чыгармачыл талаш-тартыштар, башталгыч актерлордун атактуу режиссерлор менен жолугушуусу — мунун баары акырындык менен бүгүнкү күндө «кыргыз керемети» деп аталган доорду түзгөн.

Ондогон жылдар өткөндөн кийин да бул тасмалар экранда жашоосун улантууда. Ал эми алардын жаралуу тарыхы «кыргыз керемети» айрым чеберлердин талантынын аркасында гана эмес, кыргыз кинематографы өзүнүн таанымал үнүн таба алган чыгармачылык алмашуунун (кызматташуунун) натыйжасында да жаралганын эске салып турат.

Анара Мамытова


Мосфильмдин” операторлору Кадыржан Кадыралиевдин көз болжол менен эле кантип кемчиликсиз кадр жаратканын таң калуу менен карап турушчу.

Гульбара Толомушова

«Кыргызское чудо» и «Мосфильм»: истории, оставшиеся за кадром — Новости Кыргызстана

Кыргыз киносынчысы

Scroll to Top