Япония Кыргызстанга жол техникасы үчүн 4 миллион долларга жакын каражат бөлөт

Кыргызстан менен Япония транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 533 миллион иен (болжол менен 4 миллион доллар) өлчөмүндө грант берүү боюнча макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти.

Алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи Финансы министрлигинде өттү. Документтерге Кыргызстандын финансы министри Руслан Сүйналиев жана Япониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Эри Арфия кол коюшту.

Каражаттарды жол техникаларын сатып алууга багыттоо пландалууда. Финансы министрлиги белгилегендей, бул техникаларды сатып алуу өлкөнүн техникалык базасын чыңдоого жана Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Япония өкмөтүнө жана элине, ошондой эле Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөтүп жаткан көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, тараптар мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, саламаттык сактоо, энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо, шаардык транспорт жана санариптештирүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун катышуучулары 2026-жылы Кыргызстанда иштегенине 20 жыл толо турган JDS жаш мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо программасына өзгөчө көңүл бурушту.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, программа ишке ашырыла баштагандан бери Кыргызстандын 300дөн ашуун мамлекеттик кызматкери Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Мекеме белгилегендей, жаңы макулдашууларга кол коюлушу Кыргызстан менен Япониянын узак мөөнөттүү кызматташтыгын улантат жана өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө багытталган.