Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Казакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду
21.08.2026 | 17:37

Казакстандын Актөбө облусунда Кыргызстандын жарандары катышкан автокырсыгы болуп, бир жаран каза тапты. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 21-августта, болгон. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза таап, алардын бири М.Ж.А. аттуу кыргызстандык жаран экендиги аныкталган. Мындан тышкары, беш жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Айтеке бий райондук ооруканасына жеткирилген.
ТИМ бул факт боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кырдаалды көзөмөлгө алып, казак тараптын органдары жана жарандардын жакындары менен байланышта болуп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жол кырсык, ТИМ