«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайы
20 жаштагы кызды ала качып бараткандар кармалды
23.09.2021 | 10:07
Бүгүн, 23-сентябрда таңкы үчтөрдө Бишкек шаарынын Ак-Ордо-3 конушунан 20 жаштагы кызды Ауди үлгүсүндөгү унаа менен ала качып кеткен. Бул маалымат күч органдарына жетээри менен издөө иштерин баштаган.
Ала качып бара жаткандар Чүй облусундагы “Сосновка” постунан кармалган. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусу боюнча “Перехват” планы жарыяланып, “Сосновка” постунан Ауди унаасы токтотулуп, унаада кыз менен бала бар экени аныкталган. Кызды эркине карабай никелешүү үчүн Токтогул районуна ала качып бара жаткан.
Учурда 1998-жылы туулган жаран Сокулук райондук тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар