Бажы кызматы Кытайга чыгып кеткен алтын концентраты боюнча үн катты

Бажы кызматы Кытайга чыгып кеткен алтын концентраты боюнча үн катты

Мамлекеттик бажы кызматы өлкөдөн 17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткени айтылып жаткан маалымат боюнча комментарий берди.

Аталган кызматтын билдирүүсүнө ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган бажы операцияларын ишке ашырууда товарды алып кирүү жана чыгуу боюнча уруксат берилген эрежелерди жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылкы чечимине ылайык иш алып барат

«Импорт жана экспорт мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат кагазынын негизинде гана ишке ашырылат. Өкмөттүн 2016-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, тиешелүү органдары «Кайди» тоо-кен инвестициялык компаниясына (жоопкерчилиги чектелген коом) 2021-жылдын 26-августунда «флотациялык концентратты» сыртка экспорттоого лицензия берген. Бажы кызматкерлери жогорудагы чечимге жана өлкө мыйзамдарына ылайык «флотациялык концентратты» чыгарууга байланыштуу бажы операциясын жүргүзүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев 17 фурага жүктөлүп, контрабандалык жол аркылуу ташылып баратканы үчүн кармалып турган алтын концентратты кытайлар сыртка чыгарып кеткенин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>