Алкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсү

Жайкы мезгилде балдардын жана өспүрүмдөрдүн бош убактысы көбөйөт, ошондуктан кооптуу эс алуу формаларына, анын ичинде ичимдик ичүүгө аралашуу коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Борбордон белгилешкендей, алкоголдун чоңдор үчүн да коопсуз дозасы жок, ал эми өспүрүм куракта анын организмге тийгизген таасири өзгөчө күчтүү болушу мүмкүн.
Адистердин айтымында, ичимдикти алгач ичкен учурларда өспүрүмдөр маанайдын убактылуу көтөрүлүшүн жана күч-кубаттын агымын сезиши мүмкүн, бирок так ушул мас болуу абалы мындай ичимдиктерге кызыгуунун жаралышына шарт түзөт.
Алкоголдук ичимдиктердин курамындагы этанол баш мээнин иштешине таасир этери белгиленет. Өспүрүм куракта мээ активдүү түзүлүш жана функциялык өнүгүү этабынан өтүп жаткандыктан, химиялык заттардын таасирине өзгөчө сезгич келет.
«Ичимдик ичүү ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнүн жайлашына, моралдык жана жүрүм-турумдук баалуулуктардын калыптанышынын бузулушуна алып келиши мүмкүн, ошондой эле буга чейин калыптанган жөндөмдүүлүктөргө терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары, толук жетиле элек организмде көз карандылык тезирээк пайда болот», — деп эскертишет дарыгерлер.
Адистер ошондой эле өспүрүмдөрдүн боору алкоголдун таасирине абдан сезгич экенин эскертишет, анткени ферменттик системанын механизмдери али толук калыптана элек.
Алкоголдун ичеги-карын жолдоруна жана зат алмашууга тийгизген таасири өзүнчө белгиленет. Ичимдик ичүү уйку безинин иштешин бузуп, кийинчерээк бир катар оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Борбордон ошондой эле өспүрүмдөр арасында популярдуу болгон таттуу, аз алкоголдуу ичимдиктерге жана коктейлдерге көңүл бурушту. Адистердин айтымында, алардын курамында кант көп болушу мүмкүн, ошондой эле нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларына кошумча күч келтирүүчү кофеин да бар.