2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда 2026-жылы мамлекеттик бюджеттен жатын ичиндеги спиралдарды жана импланттарды сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу «Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» (ҮП2030) Консультативдик кеңешинин жылдык отурумунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Жыйын 29-сентябрда Бишкекте ЮНФПАнын (БУУнун Калк фонду) колдоосу менен өттү. Катышуучулар репродуктивдик ден соолук тармагында Кыргызстандын беш улуттук милдеттенмесинин аткарылышынын жыйынтыгын чыгарышты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев сапаттуу кеңештерге жана контрацепциянын заманбап ыкмаларына жеткиликтүүлүк өзгөчө аймактардагы аялдар жана медициналык-социалдык тобокелдиги жогору топтор үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.
Аткарылган иштердин алкагында төрөттөн жана аборттон кийинки үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча улуттук колдонмо иштелип чыгып, учурда тышкы экспертизадан өтүүдө. Ошондой эле статистикалык эсепке алуунун формалары өркүндөтүлүүдө.
ЮНФПАнын колдоосу менен саламаттык сактоонун санариптик маалымат системасы аркылуу контрацептивдерди эсепке алуу боюнча нускама киргизилди. Ал система менен иштөөгө 40тан ашык адис окутулду.
Мындан тышкары, 2014, 2018 жана 2023-жылдардагы MICS изилдөөлөрүнүн маалыматтарынын жана расмий статистиканын негизинде демографиялык тенденцияларга жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик жүрүм-турумуна талдоо жүргүзүлдү.
С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда (КГМИПиПК) саламаттык сактоо тутумун кризистик шарттарда чара көрүүгө даярдоо боюнча 60 сааттык курс ишке киргизилди.
Саламаттык сактоо министрлигинен ошондой эле 2025-жылы ЮНФПА механизми аркылуу 178 миң долларга мизопростол дарысы келип түшкөнүн жана 104 миң долларга контрацептивдерге буйрутма берилгенин билдиришти. Мындан сырткары, мамлекеттик каржылоону этап-этабы менен көбөйтүү боюнча 2024–2030-жылдарга карата жети жылдык план иштелип чыккан.
Жыйындын катышуучулары чечиле элек маселелерди, анын ичинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, маалыматтарды топтоону жана Саламаттык сактоо министрлигинин тармактык көрсөткүчтөрүн (индикаторлорун) жаңылоону талкуулашты.
«Биздин биргелешкен ишибиздин натыйжасы жакынкы милдеттерди, жооптуу тараптарды жана мындан аркы мониторингдин тартибин так түшүнүү болушу керек», — деди Букуев.
Жолугушуунун жыйынтыгында жеткирүү тутумун чыңдоого, аймактарда кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн мониторингдин тактыгын арттырууга басым жасоо чечими кабыл алынды.