Жайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндү

Өндүрүмдүүлүгү төмөн жерлерди жакшыртуу жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн уруктары жеткирилди. Учурда жерди себүүгө даярдоо жана эгүү иштери башталууда.
Мындан тышкары, жалпы көлөмдүн ичинен 20 486 килограмм урук дражирленген түрдө себилет. Дражирлөө — бул урукту себүүгө даярдоо ыкмасы, анда ар бир урук коргоочу жана азыктандыруучу заттардан турган топтун формасындагы кабык менен капталат. Бул ыкма уруктун себилишине жана өнүп чыгуу шарттарын жакшыртууга багытталган.
Бул багыттагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка шалбаа бедеси, кылкансыз кострец, райграс жана эспарцет сыяктуу тоют өсүмдүктөрүн камтыган 186 440 килограмм жайыт чөптөрүнүн уруктары сатып алынды.