Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталат
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 29-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
28.09.2026 | 10:30

29-сентябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Суу берүү Панфилов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана өндүрүш объекттеринде токтотулат.

Өчүрүү «Тоголок Молдо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу болот.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырды. Белгилей кетсек, өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен да алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом