Кыргызстандын аймагында дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 6 + 3 Санкт-Петербургдан келгендер;
Чүй облусу — 1 Соль-Илецктен келгендерден;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 21;
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1350га жетти.