25-майга карата аба ырайы

25-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +20…+25

Талас облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +20…+25

Баткен облусу
түнкүсүн +12…+17
күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +12…+17
күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16

Нарын облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +12…+17

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.  чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 21…23. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>