29-февралга карата аба ырайы

29-февралга карата аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 29-февралда күн ачык болот.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош менен Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт.

Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -4…-9

күндүз -1…+4

Талас облусунда:

түнкүсүн -6…-11

күндүз -2…+3

Баткен облусунда:

түнкүсүн -2…+3

күндүз +2…+7

Ош, Жалал-Абад облустарында:

түнкүсүн -2…+3

күндүз +2…+7

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн -4…-9

күндүз +3…+8

Нарын облусунда:

түнкүсүн -8…-13

күндүз -2…+3

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү температура 2…+4° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>