Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ат-Башы ГЭСин оңдоого 22,4 млн швейцариялык франк жумшалды
28.02.2024 | 22:28
Кыргызстан менен Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) кызматташтыгынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоору 2023-жылы ийгиликтүү аяктаган. Бул максатка 24,7 миллиондон 22,4 миллион швейцар франкы (2,5 млрд сомго жакыны) бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылы аяктаган.
Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, ГЭСтин техникалык жоготуулары азайган. ГЭСтин орнотулган кубаттуулугун 14%га чейин көбөйтүү менен станциянын ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу камсыз кылынган, ал эми ГЭСтин пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга көбөйгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика