«Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө салым кошууга даяр»: Жээнбек Кулубаев БУУда сөз сүйлөдү

27.05.2026 | 16:15
КРдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУда сөз сүйлөп жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин ачык дебаттарына катышты. Жыйын БУУнун Уставынын максаттарын коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине арналды. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр дебатта сөз сүйлөп, анда БУУнун Уставы мамлекеттер ортосундагы тынчтыктын жана коопсуздуктун негизи экенин белгилеген. Ошондой эле ал азыркы тапта дүйнө куралдуу жаңжалдар, эл аралык укуктун бузулушу, терроризм, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана энергия жетишсиздиги сыяктуу чакырыктарга туш болуп жатканын белгилеп, мамлекеттер мындай коркунучтар менен өз алдынча күрөшө албай турганын, ошондуктан көп тараптуу дипломатия зарыл экенин билдирген. Бул контекстте ал эл аралык институттарга болгон ишенимди бекемдөө, эл аралык укуктун принциптерин сактоо жана превентивдүү дипломатиянын ролун күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Мындан тышкары Жээнбек Кулубаев азыркы эл аралык реалдуулуктарды, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, чакан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен БУУ системасын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши реформалоонун маанилүүлүгү тууралуу айткан.

Ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча да айткан. Министр Кыргызстан тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, диалогду өнүктүрүүгө жана эл аралык маселелер боюнча чечимдерди издөөгө практикалык салым кошууга даяр экенин белгилеген.

Scroll to Top