Бишкекте XX эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы башталды

Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XX эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы башталды. Иш-чара Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтта өтүүдө. Фестиваль 31-майга чейин уланат. Бул тууралуу шаар мэриясы жарыялады.
Быйылкы фестивалдын темасы — «Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук». Иш-чарага Кыргызстандан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка аймактардан 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер жана сүрөтчү катышууда.
Фестивалдын программасына төмөнкүлөр киргизилген:
- кол өнөрчүлөр жарманкеси;
- мода жана кино көрсөтүүлөр;
- шырдак, ала кийиз, курак, токуу, сайма, карапа жана кийиз басуу боюнча мастер-класстар;
- улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча сабактар;
- креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча талкуулар;
- Креативдүү индустриялар паркынын жана башка чыгармачыл коомчулуктардын презентациялары.
Фестиваль 31-май күнү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана мода көргөзмөсү менен жыйынтыкталат. Иш-чара салттуу маданиятты сактоо жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү максатын көздөйт.