Жапаров Кытайдын жогорку өкүлү менен саламаттыкты сактоо жана гуманитардык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 27-майда, өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров жолугушууда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун жана «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышын стратегиялык жетишкендиктер катары белгилеген. Ошондой эле кытайлык дарыгерлерге «Экспресс саламаттык» долбоору үчүн ыраазычылык билдирди. Бул долбоордун алкагында үч жыл ичинде кыргызстандык 1000ден ашуун бейтапка катаракта жана глаукома боюнча акысыз операциялар жасалган.
Ал эми Шэнь Юэюэ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жеткирип, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуулары өнөктөштүккө түрткү бергенин билдирген. Ал Кытай стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүүдөгү ийгиликтерин колдой турганын айткан.