Бишкекте 28-майда «Китепкана түнү» маданий иш-чаралары өтөт

27.05.2026 | 17:06
Китепканда тизилип турган китептер

28-майда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана шаардык китепканаларда «Китепкана түнү – 2026» жана «Китептер сүйлөгөн түн» маданий-агартуу иш-чаралары уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлиги менен шаар мэриясы жарыялады.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада саат 18:00дөн түн жарымына чейин «Китепкана түнү – 2026» аттуу иш-чара өтөт. Анда төмөнкүлөр уюштурулат:

  • белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуулар;
  • мастер-класстар жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү;
  • адабий сынактар жана суроо-жооп программалары;
  • шахмат оюндары жана видеокөрсөтүүлөр;
  • концерттик номерлер, кино жана театрлаштырылган оюндар.

Мындан тышкары шаардык китепканаларда мэрия тарабынан уюштурулган «Китептер сүйлөгөн түн» акциясы өтөт. Ал төмөнкү китепканаларда саат 17:00дөн 00:00гө чейин уланат:

  • Т. Касымбеков атындагы борбордук китепкана;
  • Ж. Турусбеков атындагы №2 китепкана;
  • Ж. Бөкөнбаев атындагы №18 китепкана;
  • Ч. Айтматов атындагы №1 китепкана;
  • С. Орозбаков атындагы №13 китепкана;
  • А. Осмонов атындагы №9 китепкана;
  • Т. Молдо атындагы №15 китепкана;
  • К. Тыныстанов атындагы №5 китепкана.

Бул жерлерде поэзия окуулары, тез окуу боюнча семинарлар, жомок окуулары, искусство көргөзмөлөрү жана музыкалык аткаруулар уюштурулат. Иш-чарага эл жазуучулары, профессорлор жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышат.

Уюштуруучулар борбор калаанын тургундарын жана конокторун аталган маданий-агартуу иш-чараларына катышууга чакырат.

Scroll to Top