Дмитрий Бивол Кыргызстандагы F1H2O дүйнө чемпионатынын расмий амбассадору болду

Белгилүү боксчу, дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол суу-мотордук спорт боюнча UIM F1H2O Kyrgyzstan эл аралык мелдешиний расмий амбассадору болду. Кызматташтык жөнүндө макулдашууга салтанаттуу кол коюу аземи бүгүн, 27-майда өттү.
Өнөктөштүк ылдам жүрүүчү кайыктардагы масштабдуу жарыштарды илгерилетүүгө багытталган, алар катышуучулардан кесипкөй бокстагыдай эле сапаттарды: күч-кубатты, ылдамдыкты жана мүнөздүн чечкиндүүлүгүн талап кылат. Келишимдин алкагында республикада спорттун бул түрүн жайылтуу үчүн бир катар биргелешкен медиа долбоорлорду жана жаңы демилгелерди ишке киргизүү пландалууда.
Башкы спорттук окуя 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Дүйнөлүк биринчиликтин жылдыздуу амбассадордун катышуусундагы этабы Кыргызстандагы жайкы туристтик сезондун эң жаркын жана эл көп келе турган иш-чараларынын бири болот деп күтүлүүдө.