Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголуп, киши колдуу болгон Жанарбек Кенжебек уулунун өлүмүнө шектүү үч жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Алардын баш коргоо чарасы 26-июлда каралып, сот шектүүлөрдү тергөө аяктаганга чейин камакка алган.

Милициянын маалыматы боюнча, 22-июль күнү райондук милицияга маркумдун жубайы Ч.А. кайрылып, 33 жаштагы жолдошу К.Ж. (Жанарбек Кенжебек уулу) ошол күнү эртең мененки саат 09:00дор чамасында үйүнөн унаасы менен чыгып, кайтып келбегенин билдирген. Кийинчерээк анын унаасы айылдын четинен табылып, бул жагдай милицияда шек жараткан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жанарбек Кенжебек уулу жоголгон күнү, андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган.

«Сокулук райондук милициянын кызматкерлери жүргүзгөн тергөө-ыкчам иштердин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары 35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д. жана 58 жаштагы Д.А. аттуу жарандар аныкталып, алардын оор кылмышка катыштыгы бар экендигине талашсыз далилдер табылган», — деп билдиришти милициядан.

Тергөө амалдары учурунда белгилүү болгондой, шектүүлөр дайынсыз жоголгон Жанарбек Кенжебек уулуну өлтүрүп, сөөгүн айыл четине катып коюшкан.

Учурда «адам уурдоо» беренеси менен козголгон кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлүп, тергөө тарабынан жасалган оор кылмыштын бардык жагдайлары такталып жатат. Тергөө иштери уланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, шектүүлөр Жанарбек Кенжебек уулуна 220 миң сом карыз болгон. Алар аталган акчаны үстөк пайызы менен кайтарып бермек.

Белгилей кетсек, буга чейин шектүүлөр ата жана эки уул экени кабарланган. Азыр белгилүү болгондой, 58 жаштагы жаран Р.Ю. жана Р.Д. аттуу шектүүлөрдүн өгөй атасы болуп саналат. Алар кичинекей кезинде атасынан ажырап, өгөй атасынын колунда өскөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Жанарбек Кенжебек уулу дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал 22-июль күнү саат 09:30да Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Кийинчерээк ал киши колдуу болгону аныкталган.

Чүйдө дайынсыз жоголгон жаран өлтүрүлгөн. Шектүүлөр кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>